Воскресенье, 24 ноября

Дипломатиялык номер ижарага берилеби?

0

Түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары киши колдуу болгон Айэркен Саймаити боюнча улам бир жаңы ачылган жагдайларды таап чыгууну улантышууда.

Анда жазылгандарга таянсак Саймаити Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулунун автоунаасын 10 миң долларга ижарага алган. Бул боюнча отчет кыргыз бийлигине жиберилгенин да басылма белгилеген.

Эске салсак Айэркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда киши колдуу болгон. Маркумдун чөнтөгүнөн полиция кызматкерлери дипломатиялык номердеги автоунаанын ачкычын табышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз