Воскресенье, 24 ноября

Бишкекте банктын филиалы тонолду 

0

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына 26-ноябрь күнү эртең менен саат тогуздарда банктардын биринин Юнусалиев көчөсүндөгү филиалын белгисиз адамдар карактап кеткени жөнүндө кабар түшкөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу барган. Баштапкы маалымат боюнча эки белгисиз киши банк филиалынын имаратына кирип келип күзөтчүгө күч колдонуп, акча каражатын алып кеткен. Учурда акчанын суммасы такталып жатат. Азынча милиция кайсы банк тонолгонун билдире элек. Kaktus.media агенттиги «ЭкоИсламикБанк» тууралуу кеп болуп жатканын жазды.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 202 («Карактоо») беренеси менен катталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз