Күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Албаниянын борбору Тиранадан 30 чакырым аралыкта катталды. Тирана жана Дуррес шаарларында имараттар талкаланды. Табигый кырсыктан 20 чакты жаран каза таап, дагы жүздөгөн адам ар кандай жарааттарды алышты. AFP агенттигинин маалыматына караганда жабыркагандарды куткаруу иштери уланууда.
Аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 600дөн кем эмес киши жабыркап, аларга жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди. Тогуз киши өтө оор жаракат менен ооруканага жеткирилди.
Европа-Жер ортолук сейсмология борбору күчү 5,4 баллдык жер титирөө Босния менен Герцеговинада сезиленин кабарлады. Бул өлкөлөрдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.