Учурда бажыдагы коррупция ар кайсы персоналдарга байланыштырылып ачыкка чыгып жатат. Бул маселени чечүүгө убакыт келип жетти.
Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.
Айтымында 2020-жылдан тартып коррупция менен аеосуз күрөштүн кезектеги этабы катары – санариптештирүү башталат. Бажы тармагында болуп жаткан процедуралардын баары санариптештирилет.
“Өлкөгө алынып келинген жана чыгарылган ар бир товардын эсеби болот. Көзөмөл өткөрүү посттору заманбап техника менен жабдыла баштады. Учурда постторго 472 видеокамера орнотулду. 5 бажы постуна инспектордук-көзөмөлдөөчү пост орнотулду, бул ЕАЭБдин биринчи шарты болчу, аны аткардык. Мындай постту декабрдын башында Торугатка да ачабыз, ошону менен 3 негизги өлкөлөрдөн товар ташуу жолдоруна күчөтүлгөн көзөмөл орнотулган болот”, — деди премьер-министр.
Эске салсак “Азаттык” редакциясынын жакында жарыяланган журналисттик иликтөөсү Кыргызстандын бажы тармагындагы тамырлаган коррупциялык схеманы ачыктаган. Негизи эле республикадагы коррупцияга белчесинен баткан тармак катары бажы жааты аталып келет.