Воскресенье, 19 мая

Коррупционерлер мамлекетке 7 млрд. сомго жакын зыян келтиришкен

0

Коррупционерлер мамлекетке 7 млрд. сомго жакын зыян келтиришкен
Мындай маалыматты 7-февралда өлкөбүздүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев өзү жетектеген көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин бир жылдык жыйынтыктары тууралуу маалымат жыйыны учурунда айтты.
Аталган маалымат жыйыны 2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жыйынтыктарына арналды.
Коопсуздук кеңешинин катчысы жыл ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө бир топ иштер аткарылганын билдирди. Жалпысынан өткөн жылы коррупция фактысы боюнча 288 кылмыш иши козголгон. Коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке зыян келтирүүнүн суммасы 6 млрд 927 миллион сомду түзгөн.
Д. Сагынбаев коомчулукта кызуу талкууланып, резонанс жараткан коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштерине токтолуп, кенен маалымат берди. Мисалы, мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин сыртынан сот болуп, 10 жылга эркинен ажыратылган жана анын 1 млрд. 800 млн. сомдук мүлкү мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилген. Ал эми экс-премьер-министр С. Исаковдун кылмыш иши тергелип, ал 53 томду түздү жана прокуратурага өткөрүлүп берилди. Калган Бишкектин экс-мэрлери К. Кулматов, А. Ибраимов жана башкалар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле коррупция фактысы боюнча чуулгандуу кылмыш иштерин атап, мамлекетке миллиард сомдук зыян келтирүүлөр менен ири коррупциялык схемалар ачыкталганын, буга ири саясий кызмат адамдары катышканын айтты

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз