Воскресенье, 19 мая

Кыргыз күрөшү боюнча биринчи Азия чемпионаты — Видео

0

Кыргыз күрөшү боюнча тарыхта биринчи жолу Азия чемпионаты Бишкекте өттү. Ачык чемпионат 27-28-ноябрда өтүп, ага Франция, Италия, АКШ баштаган 16 өлкөдөн спортчулар келишти.

Кыргыз күрөш боюнча эл аралык Федерация 2018-жылы түптөлгөн. Анын президенти Рыскелди Шамиев кыргыздын улуттук спорту учурда дүйнөгө таанылып баштаганын белгилейт.

“Биздин өкүлдөр дүйнөнүн 22 өлкөсүндө бар. Өзбекстан жана Сауд Арабиясында спорттун бул түрү боюнча эл аралык турнирлер өткөрүлүүдө”, — дейт Шамиев.

Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 66 кг салмак категориясында кыргызстандык балбан Нурказым уулу Асанкелди Тажикстандан келген балбан Валимухаммад Воки менен беттешип утуп алды.

Жыйынтыгында Кыргызстандын командасы эки алтын, төрт күмүш жана үч коло медаль тагынышты.


KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз