Воскресенье, 19 мая

Маринаддалган бадыраңдан абайлаңыз!

0

Маринаддалган бадыраңдан уулануу катталды. Мындан улам дарыгерлер маринаддалган бадыраңдарды сатып алып пайдалануудан алыс болууга чакырат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей ооруканага уулануу белгилери менен кайрылган жаран “Дары земли” ишканасынын консерваланган бадыраңын жеген. Аталган азык анализден өткөрүлгөн жана ботулизмди козгогучтар жана уулу заттар табылды.

“Базардан же колдон консерваларды сатып алуудан баш тартыңыз. Азыктарды сатып алып жатканда алардын жарактуу мөөнөтүнө көңүл буруңуз”, — деп эскертет дарыгерлер.

Белгилей кетсек айрым учурда өлүмгө чейин жеткирген өтө оор уланууну пайда кылган ботулизм бактериялары топуракта кездешет. Жабык консерваларда, үй шартында эрежелер так кармалбай туура эмес даярдалган маринаддалган, туздалган азыктарда ботулизм абдан жакшы көбөйөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз