Воскресенье, 19 мая

Айсулууга арналган апакай белек — Фото

0

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынан ийгиликтүү кайтып келгенден кийин, 10-ноябрда “Газпром Кыргызстан” ишканасынын башкы директору Болот Абилдаев спортчуга автоунаа белек кылаарын убадалаган. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин апакай белек ээсин тапты.

Спортчу бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазып, директор убадасын аткарганын коомчулукка жар салды. Ал турмак автоунаанын сүрөтүн кошо чыгарды.

“Урматтуу достор, мени куттуктай берсеңер болот. Убада кылынган белекти алдым. Абилдаев Болот Ералхановичке рахмат”, — деп жазган Тыныбекова.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз