Воскресенье, 19 мая

Банкоматтан акча алаарда абайлаңыз

0

Россияда банкоматтан акча алгандарды акчага сындыруунун жаңы түрү ойлоп табылды. “Известия” басылмасындагы макалага караганда мындай алдамчылык киши көп келбеген банкоматтарда болууда.

Банкоматка байланышкан алдамчылыктын бир түрүн бир нече адам топтошуп ишке ашырат.

Банкоматка келген адам ал жер бош эместигин көрүп күтө турат да, качан гана алдыдагы адам кеткенде ага жакындап барат. Бирок банкоматка колун суна электе кеткен адам кайра кайтып келип, картасын унутуп калганын айтат. Албетте, банкоматтын жанындагы турган адам кайтып келгендин картасын сууруп бере калат. А тиги киши болсо картасын текшере калып ичинде ири суммадагы акчасы болгонун айтып, картаны сууруп берген кишини уурулукка айыптап чыгат. Экөөн байкоого алып турган үчүнчү киши да айыпталып жаткан адам башка бирөөнүн картасын пайдаланганын айтып күбөлүккө өтөт, анткени ал алдамчынын өнөктөшү. Ошону менен милиция чакырмай болгон ызы-чуу башталат.

Басылма ушундай абалга кабылган адамга кеңеш берген: Эң биринчи паникага алдырбаш керек, милицияны чакыруудан коркпоо керек. Анткени банкоматтын жанында байкоочу камера сөзсүз болот. Анын үстүнө карта аркылуу аткарылган ар бир операция банкта катталат. Милиция аркылуу башка бирөөнүн картасын пайдаланбаганыңызды далилдей аласыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз