Воскресенье, 19 мая

Буту сынган механик миллионерге айланды.

0

Американын Балтимор шаарынын тургуну бутунун сынганы жеңиштүү лоторея билетин сатып алууга түрткү болгонун айтууда. UPI жаңылык порталы жазгандай 55 жаштагы механик иш учурунда бутун сындырып алган.

“Мен өз ишимди сүйөм. Бутум сынып калгандан кийин иштей албай калдым. Ошондо мен лоторея ойноону чечтим. Лоторея сатып ала баштадым да эки жумада эле 500 долларлык төрт утушка ээ болдум”, — деген ал.

Андан кийин досунун кеңеши менен Max A Million утушуна катышкан, ал үчүн 20 доллар төлөгөн. Жыйынтыгында миллион доллар утуп алган. Жеңүүчү кубанычтуу кабарды биринчи кезекте апасына айткан, ал болсо жыйынтыгын дагы бир жолу текшерүүнү сунуш кылган. Кайталап текшерүү анын миллионер болгонун дагы бир жолу тастыктаган. Ошондо бактылуу адам жумушундагы жетекчисине айткан.

“Жетекчим дароо эле жумуштан кетесиңби деп сурады. Жок, мен өз ишимди жакшы көрөм, аны таштабайм дедим”, — деген механик.

Кубанычтан толкунданган киши утуп алган акчасына үй сатып алып, автоунаасын алмаштырууну жана жаңы балык уулоочу кайыктуу болууну кыялданып жаткан маалы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз