«Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» Эл аралык маданий иш-чарасынын расмий жабылуу аземи 30-ноябрда Ош шаарында өтөт.
Ага карата жергиликтүү бийлик, калаанын борбордук аянтында жана Улуттук драм театрда маданий иш-чараларды уюштуруп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, «ТҮРКСОЙ» эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу кеңешинин 37-отуруму, сүрөтчүлөрдүн жолугушуусунда тартылган эмгектердин жана Ашык Вейселдин сүрөт көргөзмөсүнүн расмий ачылышы сыяктуу бир канча маданий иш-чаралар өткөрүлөт.
Быйыл Ош шаары – “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталып, жыл ичи бою шаарда түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ Эл аралык иш-чаралар, фестивалдар жана спорттук оюндар өткөрүлдү. Анын расмий ачылыш аземи, 20-апрелде болуп, 10догон мамлекеттердин расмий өкүлдөрү, 500дөй коноктор менен миңдеген кыргызстандыктар катышкан.
Ош шаарына мындай макам берилишине, шаардын 3 миң жылдык тарыхы жана Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун тарыхий мурастар тизмесине киргенинин таасири болгон.
Белгилей кетсек, “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” делген эстафета кийинки жылы Өзбекстандын Хива шаарына тапшырылаары айтылып келет.