Раимбек Матраимовдун жубайы Дубайдан эки элиталык батир сатып алганы тууралуу экс-депутат Ширин Айтматова айтып чыкты.
“Үмүт2020” кыймылы тарабынан жарыяланган видеодо Матраимовдун аялы Уулкан Тургуновага таандык эки батир бардык эле адамдардын колу жете турчу турак-жайлардан эместиги айтылган. Бул үйлөрдүн терезеси деңизге караган жана жеке менчик пляжы бар.
Видеодогу үйдүн 38-кабатында жайгашкан үч бөлмөлүү батирдин баасы 2 миллион 200 миң доллар, ал эми 4 бөлмөлүү 3 миллион 200 миң сом турат.
Мындан улам мамлекеттик кызматтын жетекчисинин орун басары болуп иштеген Матраимовдун жубайында мындай сумма кайдан пайда болгон деген суроону койгон.