Воскресенье, 19 мая

Музейдеги жылаңач феминисттерге чара көрүлөбү?

0

Бишкектеги Тарых музейинде бир канча күндөн бери болуп жаткан жана алдыда дагы бир канча күнгө уланчу феминисттердин иш чарасына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чара көрмөй болду.

Бул тууралуу аталган министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков “Kyrgyz.news” сайтына билдирди.

Эске салсак музейдин директору Мира Жангарачева аталган иш чаранын аялдардын укугун баалоо катары белгилеген. Илинген турсий, жылаңачтанган айымдар директордун айтымында “өз укугу үчүн күрөшүп жаткандар” экен. Коомчулукта акыркы эки күндөн бери музейдеги көрүнүш талкууга алынып, бул кыргыз менталитетине каршы келээрин белгилешкен жана андагы айымдарга карата чара көрүүнү министрликтен талап кылышкан. Ошол эле убакта дин жолунда жүргөн Нуржигит Кадырбековдун да короосуна таш ыргытып “тиги жакта чечинип жаткандарды карабай кайда жүрөт?” деген тейде нааразычылык да жаралган.

“Бул иш чара кыргыздын наркына, салтына туура келбейт. Ушундай көрүнүш орун алганы абдан өкүнүчтүү. Менин дарегиме айтылып жаткан терс пикирлерди окуп уялдым. Феминалленилердин иш чарасын атайын түзүлгөн комиссия иликтеп, баасын берет. Чара көрүлөт”, — деди министрдин орун басары.

Жарандык активисттер бүгүн Акүй алдына митингге чыгышып, мындай коомду бузган терс көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу жана музейдин директорун иштен алуу талабын койгонун да кошумчалай кетели.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз