Вторник, 7 мая

Америкалыктар менен талибдер тынчтык келишимин түзүшөт

0

Дональд Трамп Баграмдагы америкалык жоокерлерге душман менен сүйлөшүүлөр кайра жандандырылганын жарыялады. Акүйдүн басма сөз кызматы АКШ “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү баштаганын ырастады. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг мындай чечимди колдоого алды, ал эми Афганистандын жетекчилиги шектүү карады.

“Талибан” менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр сентябрда америкалык тараптын демилгеси менен токтогон болчу. АКШнын президенти Дональд Трамп анда анын Кэпм-Дэвиддеги резиденциясында жолугушуу болоорун айткан. Айтымына караганда ал жерге талибандар, афган бийлигинин өкүлдөрү дагы келмек болушкан. Бирок сүйлөшүүлөр башталаардын алдында Кабулда теракт болуп, кесепетинен америкалык аскер кызматкери каза тапкан. Трамп муну “Талибандын” АКШ менен күч колдонуу позициясында сүйлөшүү жүргүзөөрүн аныктаган позициясы катары кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Эмне үчүн америкалыктар диалогдон баш тартышты деген суроого эксперттер көбүнесе Афганистандагы президенттик шайлоону аташкан. Вашингтондогулар шайлоону өткөрүп да ошол эле убакта талибдер менен сүйлөшүүнү этикалык жактан туура келбейт деп чечишкен. А бирок минтип шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана элек болсо да америкалыктар баары бир диалогду улантууну туура деп табышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз