Вторник, 7 мая

Жангарачева: Искусствону түшүнбөгөн агрессивдүү адамдардын басымында калдым

0

“Мен кызматтан кетүү боюнча арызымды өз эркин менен жаздым, министрлик жактан басым болгон жок”, — деп билдирди Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева.

Айтымында чуулгандуу иш чара өткөрүлүп баштагандан кийин ага агрессивдүү адамдар келип, аны жана музейдин кызматкерлерин коркутууга өтүшкөн. Мындан улам директор өзүнүн жана кызматкерлеринин өмүрүн тобокелчиликке салбаш үчүн кызматтан кетүүнү чечкен.

“Мен абдан таң калдым, улуттук-патриоттук деп аталган бир ууч топ саясатка ушундай таасир беришет экен. Музейге келип көрбөгөн, искусствону түшүнбөгөн адамдардын басымында калдым. Кыргызстанда өтө курч маселелер барынан алардын кабары жокпу? Мисалы Бурулай- уурдалып барып өлтүрүлдү. Кичинекей наристе кыздарды зордуктоо фактылары канча катталды. Эмнеге ушундай окуяларда патриоттук топ ИИМдин алдына барып акция уюштурушпайт?” – деген Жангарачева өзү кызматтык жолунда жалаң гана аялдардын укугун коргоп келгенин белгиледи.

Ал чырактай кыздардын уурдоонун, зордуктоонун курмандыгына айланып жатканын, алардын да жашоого, жашоодо кыялына жетүүгө укугу бардыгын белгилеп, ушундай терс көрүнүштөргө каршылыкты ординардуу эмес ыкмалар менен коомчулукка жеткирүү зарылдыгын билдирди. Ал айткандай андай ыкмалардын бири – коомчулуктагы нааразычылыкты жараткан сүрөт музейиндеги иш чара.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз