Воскресенье, 19 мая

Арабиянын аба куралдуу күчтөрү Ливияны бомбалады

0

Араб Бириккен Эмиратынын аба куралдуу күчтөрүнүн учактары генерал Халиф Хафтарды колдогон Ливия улуттук аскерине каршы таштаган бомбалардын жарылуусунун жыйынтыгында Мурзук шаарында 11 адам каза тапты, алардын экөөсү аял, тогузу жаш бала. Бул тууралуу Ливиянын улуттук макулдашуу Өкмөтү жүргүзүп жаткан «Буркан аль-Газаб» операциясынын штабы кабарлады.

Анда айтылгандай авиасокку 29-ноябрда Мурзуктагы Уммул-Эрнаб районунда болгон.

Жергиликтүү оорукананын кызматкерлеринин маалыматына караганда бомбалоонун кесепетинен 11 адам, арасында эки аял, тогуз жаш бала каза тапкан. Аялдардын бири кош бойлуу экени да айтылган.

Буга дейре Ливиянын улуттук макулдашуу Өкмөтү Бириккен Араб Эмиратынын Триполидеги кондитердик фабрикага жакын жерди бомбалаганынан жети адам курман болуп, 15 адам ар кандай жараат алганын жарыялаган.

Генерал Халиф Хафтарды колдогон Ливия улуттук аскеринин бөлүгү 4-апрелде Триполиге жакындашууну баштаган. Хафтардын аскери борбор калаага негизинен түштүк тарабынан чабуул жасап келет.

2011-жылдын 17-февралындагы революциядан кийин Ливия саясий туруксуздуктун чеңгээлине түшкөн. Өлкөдө дароо эки өкмөт – Тобрук шаарындагы өкүлдөрдүн Палатаы жана Триполидеги Жалпы улуттук конгресс түзүлгөн.

Эки өкмөттүн тең карамагында куралдуу күчтөр бар. 2015-жылдын 17-декабрында БУУнун кийлигишүүсү менен Мароккодо саясий келишим түзүлүп, анын негизинде улуттук макулдашуунун Өкмөтү куралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз