Идлиб провинциясына Россия жана Сириянын жасаган авиасоккуларынан 15 жай тургун каза болгонун Сириядагы адам укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзгөн борбор жарыялады. Анда айтылган авиасокку 2-декбарда жасалган.
Аталган борбор Идлиб провинциясындагы Маарет аль-Нуман шаарынын базарын аткылоо учурунда 13 адам каза болуп, дагы 18и жаракат алганын белгиледи. Алардын көбүнүн абалы оор. Мындан тышкары аталган провинциянын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Саракеби жана Аль-Сарман кыштактарында бирден адам мерт болду.
Уюмдун башчысы Рами Абдел Рахман россиялык учактар Идлиб шаарынын түштүгүндө жайгашкан Кфар Сажна кыштагына да сокку урганын билдирди.
Россия Сирияда жаңжал башталгандан бери бул өлкөнүн президенти Башар Асадга колдоо көрсөтүп келет. Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясында негизинен сирия оппозициясынын күчтөрү топтолгон.
Россия менен Түркия күчтөрү президенттер Владимир Путин менен Режеп Эрдоган кол койгон макулдашуунун алкагында ноябрдан бери аталган аймакты биргелешип күзөтүп келишет.