Понедельник, 25 ноября

Кезек аялдардын эркекче сөгүнүү боюнча көргөзмөсүндөбү?

0

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейиндеги чуулгандуу “жылаңач” көргөзмөгө олуттуу пикирлер билдирилип бүттү. Эми каршылыгын, нааразычылыгын тамаша иретинде жарыялоонун кезеги келди. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев аялдардын укугун эркектерге теңдөө үчүн жылаңачтанып чечинүү аздык кылаарын тамаша иретинде билдирди.

-Мира Жангарачеваны шашылыш кызматтан алып коюшту. Ага дагы бир аз убакыт бериш керек эле. Аялдар арасында эркекче сөгүнүү боюнча да көргөзмө өткөрсө аялдардын укугу эркектерге теңелмек тургай алдыга озуп кетмек. Мынча болду эми аялдарга эркекче сөгүнүүнү үйрөтүп, үлгү көрсөтүп берсе болмок. Ансыз да кылбаганыбыз ушул эле калды окшойт.

Андан ары саясат талдоочу олуттуу оюн ортого салды:

-Мурда сүрөт музейине үй-бүлөм менен чогуу барчумун. Мындан ары балдарым менен баруудан кооптонуп калдым. Музейдин кийинки жетекчиси ким болоорун, анын да кандай пландары бардыгын ким билсин, байкабай бала-чакаң менен барып алсаң дагы бир жылаңачтар алдыңдан тосуп чыкса, абийириң аштай төгүлбөйбү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз