Кыргызстандын сүрөтчүлөр Бирикмеси Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейиндеги окуя боюнча жыйналыш өткөрүштү. Кесипкөй сүрөтчүлөр феминаледе чындап эле провокациялык перформанс орун алганын моюнга алышты.
Аталган бирикмеден билдиришкендей көргөзмөдө “чыгармачылыктын” көркөм баалуулугу жок болгон, актуалдуулугун эчак жоготкон эскирген жана баналдуу ыкмалар колдонулган. Бул жерде өзүн жылаңачтап көргөзмөгө койгон даниялык модель тууралуу кеп болуп жатат.
Ошондой эле кесипкөй сүрөтчүлөр жаш министр Азамат Жаманкулов музейдин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алып шашылыш бүтүм чыгарган деп эсептейт. Алар Жангарачеваны көргөзмөнүн уюштуруучулары ыңгайсыз абалга калтырышканын билдиришкен. Андыктан Кыргызстандын сүрөтчүлөр Бирикмеси президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп Мира Жангарачеваны кайра кызматына коюу өтүнүчүн келтиришкен.
Буга дейре саясатчы Феликс Кулов дагы соцтармактагы баракчасы аркылуу министр Жаманкуловго кайрылып Жангарачеваны кызматтан алуу ойлонулбаган шашылыш чечим экенин белгилеп, аны кайра дайындоо талабын койгон.
Андан сырткары музейдин эмгек жамааты да бийликке Мира Жангарачеваны кызматына кайтаруу суранычы менен кайрылышкан.