Воскресенье, 24 ноября

“Кыргызпочтасына” кимдин бажасынын көзү түштү?

0

“Кыргызпочтасын” атайылап банкрот кылуу амалы башталды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында билдирди. Айтымында ага аталган мамлекеттик ишкананын пенсияны жеткирүү кызмат акысы кыскартылганын кабарлаган кайрылуу келген.

“Демек, анда иштеген адамдар эмгек акы алышы кыйындайт. Алардын маянасы ансыз деле аз – 4 миң сом. Эмне, эми мамлекеттик ишкананы банкрот кылганы жатасыңарбы? Бул иш атайылап болуп жатат. Мамлекеттик ишкананы банкрот кылууну каалаган адамдар бар. Аны башка мекемеге айлантып башчылыгына кайсы бажа келээрин да билебиз. Ишкананын кызмат акысынын ага кошуп 1400 кызматкердин кыскартылып жатканы так ушул бир адамдын кызыкчылыгына байланыштуу”, — деди депутат.

Белгилей кетсек Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын кызмат акысы 0,1 пайызга кыскартылганын моюнга алды. “Азыр анын кызмат акысы 0,1 пайызга азайтылды. Андан ишкана анчалык деле жабыр тартпайт. Үнөмдөлгөн каражат пенсияларды көбөйтүүгө жумшалат. “Кыргызпочтасынын” кызмат көрсөтүү акысы банктарга караганда кымбат, бирок ал мамлекеттик ишкана болгондуктан, көп жылдан бери колдоп келебиз. Азыр анда иштегендердин маянасы 4 миң сом эмес, 7 миң сом”, — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз