Суббота, 23 ноября

Медведевдин аялынын 50 миллион долларлык учагы

0

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин аялынын менчигинде баасы 50 миллион долларлык Bombardier Global Express 5000 учагы бар.

Алексей Навальный 4-декабрда жарыялаган иликтөөсүндө бизнес-джет буга чейин ВТБ банкынын түзүмдөрүнө таандык болгон жана Белиздеги компанияга катталганын белгилеген.

Навальный бул учактын учууларын Медведевдин сапарларын тейлеген учактын графиги менен салыштырып, учак Медведев барган жерге чогуу, бир учурда барып турганын аныктаган. Каттамдардын арасында Европадагы популярдуу багыттар менен катар Нижегородск облусундагы аскердик авиабаза да бар. Навальный бери дегенде 11 окшош каттамды аныктаган.

Киреше тууралуу акыркы декларацияга ылайык, орус премьер-министри 2018-жылы 10 миллион рубль тапкан. Светлана Медведеванын кирешеси “нөл” экени көрсөтүлгөн. Бизнес-джеттин ижарасы 7-10 миң доллар турат. Башкача айтканда бул үй-бүлөнүн бир айлык маянасы учакты бир жарым саатка ижарага алууга гана жетет.

Навальный премьер-министрдин жубайына жеке учак бөлүнбөгөнүн белгилеген. Ал бизнес-джетти колдонуу коррупция менен байланышта болушу ыктымал деп эсептейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз