Көркөм-сүрөт музейиндеги чуулгандуу көргөзмө боюнча маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да жазасыз калбашы керек. Бул тууралуу депутат Махабат Эргешова парламент жыйынында билдирди.
Анын пикиринде жылаңач аял көргөзмөгө коюлган иш чара кыргыз эилинин менталитетине, каада-салтына туура келбейт. Жылаңач денени тарткан бийик искусствонун өкүлдөрү – улуу сүрөтчүлөр тууралуу маалымат болгондо деле мындай нерсе бизге жат.
“Баарыбыз искусство эмне экенин билебиз, жылаңачтарды картинага түшүргөн улуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери тууралуу да маалыматыбыз бар. Бирок анын баары бизге жат. Коомчулукта зордуктоо, агрессия көбөйүп жаткан убак. Биз элдин маданиятын өстүрүү үчүн тарбия боюнча иштерди жүргүзүшүбүз керек”, — деди депутат.
Ошондой эле ал эгер мындай иш чара жеке менчик мекемелерде же эс алуу жайларында болсо эл тараптан мынчалык реакция болмок эместигин белгиледи. Андан сырткары Мавлянова коомго жат көргөзмөнү өткөрүүгө жол бергенге бир гана музейдин директору эмес маданият министри да айыптуу экенин билдирип, Азамат Жаманкулов да тиешелүү жазасын алышы керектигин кошумчалады.