Бүгүн, 5-декабрда Акүй алдында азганак адамдан турган тынч митинг болуп өттү. Арасында кичинекей кыздар да бар. Алар белгилүү акын, маркум Барчынбек Бугубаевдин үй-бүлөсү экен. Жубайы Жумабаева Майрамкүл эмне себептен митингге чыгууга аргасыз болгонун мындайча түшүндүрдү:
-Менин жолдошум абдан таланттуу, кыргыз тилин, кыргыз элин даңазалаган акын болгон. Ал БУУда “өзгөчө адам” катары каттоодо турат. Кыргызстандан азырынча “өзгөчө адам” болуп Чыңгыз Айтматов менен менин жолдошум гана катталган. Жолдошумдун ырлары Германияда, Кытайда ырдалып жатат. Ушундай атактуу, талантуу адамдын үч кызынын энеси, жесири катары бүгүн акыйкаттыкка суусап турам, — деди Жумабаева Майрамкүл.
Айтымында анын үч кызы менен жашап жаткан үйүн күйөөсүнүн биринчи никесинен төрөлгөн уулу тартып алган. Сотко кайрылгандан кийин өгөй баласы тарабынан ар кандай коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып келатат.
“Чыгармачыл адамдардын арасында ичкиликке жакындары да болот экен. Барчынбек иччү, анын туугандары, достору мага үйлөнгөндөн кийин аракты ичкенин азайтып, киши катарына кошулуп калганын айтып жүрүшөт. Мен аны карадым, ичсе капельница койдуруп канын тазалаттым, жакасын агартып, үч кыз тартууладым. Айтор, өмүрүнүн көп жылдары мени менен өттү. Барчынбектин өлүмүнө Мамытова Кымбат деген аялдын түздөн түз күнөөсү бар. Ал аял менен жолдошум 1988-жылы студент кезинде баш кошкон экен,бир жыл жашап бир балалуу болушкандан кийин ажырашып кетишкен. Бирок нике күбөлүгү ошол бойдон ажыратылбай калган. Андан кийин жолдошум Венера Бөлөкбаева деген белгилүү акынга үйлөнгөн, аны менен да турмушу болбоптур. Кийин биз табыштык.
Күйөөмө турмушка чыга электе менин Ак-Бата конушунда үйүм бар болчу. Барчынбектин Кара-Жыгачта өзү салган үйү бар. Кийинчерээк күйөөм боордун кургап кетүүсү дартына чалдыкты. Дарылаганга акча керек болду, күйөөм мага: “Сен үйүңдү сат, мен балаңа Көк-Жардан жер алып берейин”, — деди. Мен макул болуп саттым. 8 миң долларды жер алуу үчүн Жер боюнча федерациянын президенти Анвар Албеков деген алысыраак кайним эле ага бердик. Калганына күйөөмдү дарылаттым. 2007-жылы учурдагы президентибиздин группалашы, студент кезде бир бөлмөдө чогуу жашаган досу Асанбаев Жолдошбек деген үйгө келип үйдүн документтерин, күйөөмдүн паспортун уурдап кетиптир. Улуу кызым беш жашында, кичүү кызым тогуз айлык кезинде катуу күйүп калышты. Дарыгерлер ак ичсин дегенинен Ат-Башыдагы сиңдимдикине кеткем. Мен жоктон пайдаланышып Мамытова Кымбат, кайнагам, Кымбаттан төрөлгөн баласы Бугубаев Шамил келишип күйөөмдү мас кылышып Жолдошалиева деген нотариус аркылуу үйдү баласына каттатып коюшуптур. Ошол убакта баласынын паспорту болгон эмес, бирок Жолдошалиева ага карабай килейген үйдү каттап берген. Барчынбекти мас абалында Жолдошаливанын конторасына киргизип бараткандарын көргөндөр да бар. Биз аны билген жокпуз”, — деди акындын жубайы.
Ал белгилегендей үй күйөөсүнүн биринчи никесинен төрөлгөн баласына эчак эле өтүп кеткенин акын көз жумгандан кийин гана билген. Ага дейре баштагыдай эле үй кайнагасынын атында жазылып турат деп ойлогон. Барчынбек Бугубаев да өмүрүнүн соңунда бир кезде агасына каттатып койгон үйдү өзүнө алууга аракеттенип жана биринчи жубайы менен мыйзамдуу түрдө ажырашууга кам уруп бир нече арыз жазган экен. Бирок паспорту болбогондуктан арызы кабыл алынган эмес. Күйөөсү каза тапкандан кийин Жумабаева үй боюнча сотко кайрылып, ошондо гана Бугубаев Шамилдин наамына кайра катталганынан кабардар болгон.
“Өткөн жылы президент Жээнбековго видеокайрылуу жасадым. Ошондон кийин баласына карата кылмыш иши ачылган. 17-декабрда саат 13.30да Октябрь райондук сотунда соту болот. Мен судья Дүйшөмбиевадан абдан суранат элем: Барчынбектин бир байпагын жуубаган биринчи аялы менен болгон никесин кыркып, мыйзамсыз мураскерин жокко чыгарып бериңиз”, — деди Жумабаева.
Ошондой эле эртең, 6-декабрдан баштап Октябрь райондук сотунун имаратынын жанына тынчтык митингине чыгаарын да кошумчалады.