Мурдагы мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматовго карата ачылган кылмыш ишинин негизинде Ленин райондук сотунда сот отуруму болууда. Процесске судья Кубанычбек Касымбеков төрагалык кылууда, ал эми прокурор — Марат Абсатаров.
Мамлекеттик айыптоочу Албек Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону суранды. Кубанычбек Кулматовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратууну туура деп тапты.
Ошондой эле Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Омуркановду 15 жылга, “Айкөл-Курулуш” компаниясынын башчысы Сейиткан Алиевди 15 жылга, “Альта Групп” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеевди үй-мүлкүн конфикациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратууну сотко өтүнүч келтирди.
Белгилей кетсек айыпталуучулар “Калыс-Ордо” конушундагы мектептин курулушунундагы, “Дастан” ААК ТНКсынын каражаттарын пайдалануудагы жана мамлекеттик жер тилкелерин берүүдөгү коррупцияга айыпталышкан.
Эске салсак мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча сот өкүм кабыл алган.