Воскресенье, 24 ноября

“Акнеттин” иши сотко өткөрүлөт

0

Жакында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан «Акнет» ЖЧКсынын президенти К.А. карата кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 000 000 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.

КР ИИМдин маалыматына караганда факты аныкталгандан кийин Башкы прокуратура ишти иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Акнет» ЖЧКсынын президенти жалпы суммасы 616 816 112, 70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган.

Ушуга эле катар, жалпы суммасы 384 901 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан.

Азыркы учурда «Акнет» ЖЧКсынын президенти К.А. карата кылмыш иши аяктап, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз