2019-жылдын жыйынтыгы менен Москвадагы экинчи катардагы батирлерге болгон баа кымбаттады, а бирок сатып алуучулардын саны азайды. Бул тууралуу Лента.ру жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда өткөн жылдын декабрь айынан тартып экинчи катардагы батирлерге баа жети пайызга кымбаттаган, бул 13,5 миллион рублга тете. “Квадраттын” баасы 4,5 пайызга көтөрүлүп, дээрлик 225 миң рублды чапчыган. Бул элиталык кыймылсыз мүлктү эсепке албагандагы баа.
Экинчи катардагы турак-жайлардын эң кымбаты Хамовники, Арбат жана Тверской районундарына таандык, ал жерде чарчы метр 497 миң, 493 миң жана 484 миң рублга жетет. Бул райондогу батирлердин орточо баасы 48-50 миллион рубль.
Ал эми эң бир жеткиликтүү баадагы батирлерди Капотнядан 7,4 миллион, Батыш жана Чыгыш Бирюлеводон 7,9 -8,3 миллион, Ивановскийден 8,2 миллион жана Метрогороддон 8,1 миллиондун рублдин тегерегинде табууга болот.
Ал эми Бишкекте бул жылы кыймылсыз мүлккө болгон баа кескин жогорулаган эмес. Бирок кандайдыр бир деңгээлде жыл сайын турак-жайга болгон баа кошулуп жүрүп отурат. Мисалы 2018-жылдын декабрь айында бир чарчы метрдин баасы 2017-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 10 пайызга – 760 долларга кымбаттаган.
Кадастра жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо Департаментинин маалыматына караганда кескин кымбаттоо болбогону менен быйыл февраль-март айларында батирлердин мурдагы баасына салыштырмалуу байкалаарлык айырма болгон.