Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына Азимбек Бекназаровдун элчиликке сунушталып жана бүгүн тармактык комитет тарабынан колдоого алынганы боюнча пикирин калтырды.
“Азимбек Бекназаров жөнүндө өйдө-төмөн айтып дагы, жазып дагы жаткандар бир ЧЫНДЫКТЫ аңдабай, сүрмө топ чуулдактан чыга албай жатышат. Азимбек жөнүндө эмне айтпайлык, аны кандай деп келекелеп жазбайлык, анын ысмы менен, анын коомдук жана саясий ишмерлиги менен Кыргызстандын акыркы 20 жылча мезгилдеги тарыхы түз байланышкан, бөлүп, ажыратып кароого мүмкүн эмес… Ал инсан катары учурдагы тарыхый процесстердин, өлкөнүн тагдырын чече турган окуялардын чордонунда туруп, көпчүлүк учурда алардын кыймылдаткыч күчү да болду… Ар кимдин маңдайына Жараткан мындай оргуштап аккан өмүр жолун жаза бербейт… Мындан 50 же 100 жыл кийин дагы тарых талкууланат, тарыхый окуялар илимий эмгектерде, көркөм чыгармаларда жазылат, эл оозунда жомок болуп айтылат…мына ошондо албетте Азимбек Бекназаров жөнүндө, анын тарыхый ролу жөнүндө да айтылат, жазылат…
Мезгил жана тарых барын орду-ордуна койот. Ал эми бүгүн Азимбекти келекелеп жаткандарды ким эстейт, алардын бул дүйнөдө жашап өткөнүн билген бирөө жарым болобу же жокпу? Бул чоң суроо… Ошондуктан бирөөгө сын айтып, аны шылдыңга алуудан мурда ар кимибиз өзүбүзгө да карап, өзүбүзгө да өзүбүз сын берсек…
Азимбек Бекназаров юридика илимдеринин кандидаты, бир канча илимий макалалардын, бир канча тарыхый-публистикалык китептердин автору, акыйкаттык үчүн талыкпай күрөшүп келген жүрөгүндө жалы бар жылаңач БААТЫР… Буюруп дайындалып калса Элчилик милдетти деле камчы салдырбай алып кетерине менин эч кандай шегим жок”.