Суббота, 23 ноября

Текебаев карапайым адамдарды депутат кылуунун жолун таптыбы?

0

Өмүрбек Текебаев жаштардын учурда шайлоо системасына ишенбей жатканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн саясий партиялардын шайлоо мыйзамдарын талкуулаган жыйынында билдирди.
Текебаевдин айтымында Кыргызстандагы карапайым жарандардын дээрлик баары шайлоо системасына нааразы, шайлоонун адилеттүү өтөөрүнө ишенишпейт.

“Эл бийликке байлар гана келет деген түшүнүктө жашап калды. Же бийликтин же партия лидерлеринин көңүлүн тапкан, эптеп колтугуна кире алгандар гана кызматка жетет, депутат болот дешет. Ошондуктан кимди бийликке алып келбейби “бул деле баягылардын бири” дешкенсип ишенбей карашат”, — деген Текебаев мындай түшүнүктүн орноп калганы легитимдүүлүк жок дегенди туюндураарын белгиледи.

Айтымында элдин көз карашы өзгөрбөсө шайлоо мыйзам чегинде өткөн учурда дагы ал чала жан бийлик болот. Ал эми элдин ишенимин кантип ойготуу керектигин, көз карашына өзгөртүү киргизүүнү кандай жол менен ишке ашыруу боюнча мындай деди:

“Ал үчүн карапайым адамдарды депутат кылып парламентке алып келүү керек. Эл ошондо ишенет. Ал эми карапайым адамдарды алып келүү үчүн биринчи ошого ылайык системаны камсыздаш керек”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз