Пятница, 17 мая

Анталияда адамдарды барымтага алган кыргызстандык кармалды

0

Анталиянын Бахчелиэвлер- Коньяалты көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан банкка белгисиз адам кирип, эки адамды: кайтаруучуну жана банк кызматкерин барымтага алган. Ал полиция тарабынан окуя башталгандан кийин бир саат 10 мүнөт дегенде колго түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымына караганда белгисиз киши саат 09.30да банкка кирип ал жердегилерге тапанча такаган. Бул кабар полицияга жетээри менен көп сандагы күч кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Алардын максаты куралчан жаранды зыянсыздандыруу эле. Полиция кескин аракеттерге бара албай бир аз буйдалган, анткени тапанча көтөргөн киши денесине оролгон жипти көрсөтүп: “Менде бомба бар”, — деген. Полиция кызматкерлери банктагы адамдарды сыртка чыгарган. Ал эми жаран банк кызматкери менен кайтаруучуну барымтага алып калган.

Куралчан кишини колго түшүрүү операциясына аймактык полициянын башчысы Мехмет Мурат Улукан катышкан. Арадан бир саат он мүнөт өткөндөн кийин куралчан киши колго түшкөн, ал эми барымтадагылар аман-эсен бошотулган.

Кол салган белгисиз киши Кыргызстандын жараны болуп чыккан. Ал полиция бөлүмүнө жеткирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз