Сөз эркиндигине коргоого жана коррупцияга каршы митингге катышуучулар Ала-Тоо аянтына чогулушту. Азырынча көз баамга салганда болжол менен 150-200дөй адам турат. Алардын арасында журналисттер, жарандык активисттер жана шаар тургундары бар. Коомдук тартипке көз салган милиция кызматкерлерин да табууга болот.
Белгилей кетсек митинг бир тууган Матраимовдордун үч басылмага карата жазган арызына каршылык иретинде уюштурулуп жатат. Арыздын негизинде сот басылмалардын банктагы эсебин камакка алган.