Суббота, 23 ноября

№145 бала бакчада болгон окуянын чоо-жайы

0

Соцтармактарга бала бакчада баланы тарбиячы сабап жаткандай элес калтырган видео тарады. Анда баланын ачуу ыйлаганын угууга болот. Бул окуя Бишкектеги №145 бала бакчада болгону да айтылган.

Бүгүн вице-мэрлер Татьяна Кузнецова менен Азиз Алымкулов жана билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте аталган бала бакчаны текшергенин мэриядан билдиришти.

Андагы маалыматтарга таянсак көрсө видеодо ыйлаган бала бала бакчанын тарбиялануучусу эмес экен, ал тарбиячынын жардамчысы болуп иштеген Асель Исмаилованын мектепте окуган кызы болуп чыкты. Кыз мектептен кийин апасына келген, алар дайыма үйүнө чогуу кетишчү. Ал эми ал күнү кыз кечигип калгандыктан сарсанаа болгон апасы урушкан. Учурда эне 1-класста окуган кызын катуу урушуп койгону үчүн өзү да жаман болуп жаткан кези.

Бишкек мэриясы Асель Исмаилованын бала бакчада беш жылдан бери иштеп жатканын жана буга дейре №145 бала бакчада мындай окуя болбогонун белгилейт. Андагы тарбиялануучулардын ата-энелеринин бала бакчага да, тарбиячынын жардамчысына да эч кандай дооматтары жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз