Экс-депутат Чолпон Жакупова менен Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов соцтармакта акыйнек айтышууда. Талашкандары – трайбализм темасы.
Чолпон Жакупованын кимдир бирөөнүн элди түндүк-түштүккө бөлгөн билдирүүсүн ФБдагы баракчасында бөлүшкөнү талашууга от таштады. Эдил Байсалов: “Көп саясий маселеге аралаша албайм. Бирок элди экиге бөлгөн журт бузарларды көрүп, унчукпай кою да туура эмес. Баарын жеңсек болот. Жакырчылык, уурулук, билимсиздикти. Бирок бир бололу! Анан адалсынган, акыл үйрөткөндөр өздөрү элибизге эң чоң зыян, залака келтирип атышканын түшүнсө, жакшы болот эле”, — деп Чолпон Жакуповага карата жазды.
Дагы бир билдирүүсүндө Чолпон Жакупованы сыйлабай турганын жана буга көпчүлүк саясатчылар билген бир канча жагдайлар себеп болгонун билдирген.
Жакуповага ага жообун бүгүн берди. Баракчасына Байсалов ага тийиштүү эмес билдирүүнүн коллажын уятсыздык менен пайдаланып жатканын жазды.
“Байсалов менен досум эмес, бирок оор учурга кабылганда мен ага жардам бергем”, — деди Жакупова.
“Байсаловдон айырмаланып мен сурактан, соттон жана кол салуудан качкан эмесмин, жашынбайм жана бышактабайм, өтө оор болгон учурда да, анткени публиканын көз алдында болуу – бул өтө чоң жоопкерчилик экенин билем. Бул нерсе чыдамкайлык менен ар-намысты талап кылат. А бул нерсе тилекке каршы мен айтып жаткан адамда жок”, — деп жазды укук коргоочу.
Байсаловдун жообу көп күттүрбөдү. Ал Жакупова эчактан бери гранттык каражаттарды жеке жана саясий максаттарына колдонуп келатканын жазган.
“Кимге жардам бериш керек, кимге бербеш керек – ал чечет. Адамдардын кайгысынан май кармаштын, андан кийин аны милдет кылыштын кереги жок”, — деди Байсалов.