Понедельник, 25 ноября

Түрк кеңешинин миссиясы Өзбекстандагы шайлоону байкоого алат

0

Түрк кеңешинин эл аралык миссиясы Өзбекстанда 22-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу Түрк кеңешинин билдирүүсүндө айтылды.

“Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссия Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басары Омер Кожаман менен биргеликте Ташкенттеги жана Самарканддагы ишин баштады”, — деп жазылган билдирүүдө.

Миссиянын курамына Түрк кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү, парламенттик ассамблеянын мамлекет-мүчөлөрү, БШКнын мүчөлөрү жана окумуштуулар киришти.

Шайлоо алдында миссиянын мүчөлөрү Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Ильхам Нематов, БШКнын төрага орун басары Махмуд Истамов, Самарканд облусундагы шайлоо комиссиясынын төрагасы Салахаддин Нуриев, саясий партиялардын лидерлери менен жолугушту.

23-декабрда Түрк кеңешинин миссиясы маалымат жыйын өткөрүп добуш берүүнүн жүрүшүнө баа берүүнү пландоодо.

22-декабрда Өзбекстан калкы Олий Мажлис Мыйзам чыгаруу палатасынын (парламенттин төмөнкү палатасы) депутаттарын жана Кенгаш мүчөлөрүн (жергиликтүү бийлик) шайлайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз