Драматург Жаныш Кулмамбетов залкар кинорежиссер Болот Шамшиевдин өлүмүнөн кийин соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды:
“Болот Шамшиев каза тапты.
Соцтармактар көңүл айтууга жык толду. Бул табигый нерсе. Кимдир бирөө аны “белгилүү” десе, кимдир бирөө “улуу”, “жаркын талант” деп атады. Булардын кайсынысы баарынан жакшы ылайыктуу келээрин билбейм. Бир билгеним Болот Шамшиев кыргыз советтик киносунун доору болгон. Ал биздин элибиздин маданиятынын тарыхында ушинтип калат”, — деп жазды драматург.
Андан ары Жаныш Кулмамбетов залкарлардын көзү өткөндөн кийин мактап-жактамай адатка кайрылган. Ал Чыңгыз Айтматовго тирүүсүндө сый-урматы болбогон белгилүү адабий ишмердин ал киши каза тапкандан кийин “Бишкек Айтматовсуз жетимсиреп калды” дегенин угуп лицемериядан окшуп жибере жаздаганын белгилеген.
Анан айтылуу актриса Бакен Кыдыкеева тууралуу кеп козгогон.
“Бакен Кыдыкеева каза болду. Ошондо мени бир аткаминердин кылыгы таң калтырды дагы, жийиркентти да. Ал Кыдыкеевага баарынан көп аза күтүп жаткансыган түр көрсөттү. А мен Кыдыкееванын театрдан кетишине ошол киши түздөн түз себеп болгонун жакшы билчүмүн. Улуу актриса ушул нерседен кийин терең депрессияга түшкөн. Мына ушундай лицемерия!”
Драматург кыргыздын жаркын таланты, ажарлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаевага да өз убагында жасалган мамилелерди эскерген.
“Таттыбүбү Турсунбаева каза тапты. Бир сыйлуу актриса бардык жерге маек берип, Турсунбаеванын талантын, сулуугугун “өтө сүйгөнүн”, а азыр ансыз театр жана кино бошоп калганын айтып түгөтө албады. Мен анын калп кептерин уга албай койдум. Анткени мен ар бир шаршембиде болчу чогулушта так ошол актриса баарынан көп Таттыбүбүнү бардык жаманчылыкка айыптап чыкканын жакшы билчүмүн”.
Аягында Жаныш Кулмамбетов калп айтып жасалма сүйлөгөндөн көрө “унчукпай эле койгулачы” деген суранычын келтирген.
“Жок дегенде өзүбүз үчүн чынчыл бололу, калп маек бербей эле коелучу. Жакшысы унчукпагыла. Ошондо чындык болот”.