Алмазбек Атамбаевге эми курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айып тагылып, бул ишке шектелип жатканы тууралуу кабардар кылынды. Бул тууралуу адвокаты Сергей Слесарев билдирди.
Айтымында ага тагылган айыптардын баары Кой-Таш окуясынын негизиндеги кылмыш ишине бириктирилген. Ошону менен КР Кылмыш жаза кодексинин 8 беренеси боюнча айыпталып жаткан мурунку президентке жалпысынан 14 билдирме берилген.
Эске салсак баллистикалык экспертиза “Альфа” атайын бөлүгүн командиринин курман болгон орун басары Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевге тийиштүү Драгунов снайпердик мылтыктан атылган октон каза тапканын аныктаган. Бирок Сергей Слесарев мындай корутундуга макул эмес, анын жасалма экенин айтып келет.
Атамбаев “массалык башаламандыкты уюштуруу”, “адам өмүрүнө кол салуу”, “барымтага алуу” жана “киши өлтүрүүгө” шектелүүдө.