Воскресенье, 22 сентября

Айтматованын абактагы күйөөсүнүн абалы кандай?

0

Ширин Айтматованын учурда Бишкектеги СИЗО-1да кармалып жаткан күйөөсү Сыргак Кенжебаевден абак шартына эч кандай даттануу түшкөн жок. Бул тууралуу кыйноолорго каршы Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Айтымында 25-декабрда абакка барышып Кенжебаевдин шарты менен таанышып келишкен. Ал эч нерсеге даттанган эмес. Эч кимден басым болбогонун, ур-токмокко алынбаганын айткан.

Белгилей кетсек 26-декабрда Айтматова соцтармактагы баракчасына кимдир бирөөлөрдөн Кенжебаевге кол көтөрбөөсүн өтүнгөн. “Мен жазбайм, а силер күйөөмдү урбагыла” – деген билдирүү калтырган.

Сыргак Кенжебаев көз боемочулукка шектелип 19-декабрда кармалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз