Суббота, 23 ноября

Түркиядан акысыз билим алгыңыз келеби?

0

“Түрк стипендиялары” программасы менен Түркияда акысыз билим алгыңыз келеби? Анда бул маалыматтар сиз үчүн.

“Түркия стипендиялары” Түркияда акысыз билим алууга шарт түзүп берет. Программа сынактан өткөн билим алуучуларды жатакана, эртең мененки жана кечки тамак жана стипендия менен камсыздайт. Акысыз билим алып, акысыз жашап жана ал үчүн акы да алып турасыз. Ошондой эле окуп жаткан мезгилде студенттер акысыз медициналык жардам ала алышат. Буларга кеткен чыгымды түрк мамлекети төлөп берет.

Программага түрк жарандарынан башка бардык өлкөлөрдүн атуулдары катыша алат. Бирок каалоочулардын жаш курагында чектөө бар. Мисалы бакалавр – 25 жашка чейинкилер, магистратура – 30 жашка, докторантура – 35, ал эми изилдөө стипендиясын алуучулар – 45 жашка чейинкилер үчүн.
“Түркия стипендиялары” программасы студенттерди акысыз курс, семинар жана стажировка менен да камсыздайт. Билим алып жаткан тармактан тышкары башка жактан да өзүн өстүрүүгө зарыл шарттардын баары бар. Программа аркылуу Түркиядагы мамлекеттик окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк табылат.

2020-жылдан тартып бул программанын алкагында билим алуучулардын стипендиялары жогорулады. Эми жаңы эрежеге ылайык бакалаврда окугандар айына 800 лира алышат, магистратурага – 1100, докторантурага – 1600 лира стипендия каралган. Андан тышкары жатаканада жашоого баш тарткандар үчүн жатакана үчүн төлөнчү 550 лира колуна берилет.

Программага катталууну каалагандардын эсине: катталуу 10-январдан 20-январга чейин turkiyeburslari.gov.tr сайтында жүргүзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз