Воскресенье, 28 апреля

Өз кызын зордуктаган атага сот кандай өкүм чыгарат?

0

Ата өз канынан жаралган кызын бир жылдан ашуун убакыт зордуктап келген. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда кыз 15 жашта. Апасы төрт жыл мурда каза тапкан. Жалгыз бой калган ата балдары менен Ош облусунун Араван районунда жашаган. Өткөн жылдын 11-декабрында факты кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жашы жете элек кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө соңуна чыкты жана бардык документтер Араван райондук сотуна өткөрүлдү.

Ал эми кыз менен психологдор иштешүүдө. Ал реабилитациялык борбордо тийиштүү адистердин көзөмөлүндө болуп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз