Понедельник, 13 мая

Башын жанчып, кайнак суу куйган. Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келиндин чоо-жайы

0

Жакында Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапканы белгилүү болгон. Маркумдун жакын тууганы Калдарбек Шамшиевдин айтымында келин көп жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келген.

“Күйөөсү аны дайым сабачу. Көп жолу Нурсулуу күйөөсүнүн токмогуна чыдай албай ата-энесинин үйүнө качып келген. Ал күйөөсүнүн зомбулугун, кордук көрсөткөнүн айтып ыйлачу”, — деди ал.
Баткен ИИБинин маалыматына караганда Нурсулуу 4-январда облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн да ошол бойдон эсине келбей жатып көз жумган. Ал катуу сабалуудан каза тапканы аныкталган.

Калдарбек Шамшиев келиндин сөөгүн өлүкканадан алып чыкканын, денесинен зомбулуктун белгилерин көргөнүн айтты. Ал белгилегендей маркумдун башы жанчылган. Эркек кылмышын жашыруу үчүн аялынын денесине кайнак суу куйган.

Бул иш боюнча КР кылмыш жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Шектүүгө айып тагылып соттун чечими менен абакка киргизилди.
Келиндин артында үч баласы калды.

Бул окуя коомчулукка жарыя болоору менен Бишкекте өткөн жылдын соңунда өтүп коомчулукта резонанс жараткан феминалле көргөзмөсүнүн уюштуруучусу Алтын Капалова билдирүү калтырды. Ал коомчулук үй-бүлө зомбулугунан каза тапкан келиндин окуясы кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, жылаңачтанган аял үчүн чуу көтөргөнүн белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз