Суббота, 11 мая

Адахан Мадумаров: Эл кызыкчылыгына иштей турган кызмат сунушталса, барам!

0

Саясатчы Адахан Мадумаров “kaktus.media” сайты менен болгон маегинде бийлик кызмат сунуштаса кабыл алаарын ачыктаган. Бирок эгер ал кызмат өз каалоосуна төп келип жана да эл кызыкчылыгы үчүн иштесе.

“Маселе мага кызмат сунуштайбы же сунуштабайбы дегенде эмес, маселе менин эмне менен алек болоорумда”, — деген саясатчы.

Ошондой эле ал эгер бийлик сунуштаган кызмат элге пайда алып келе турган болсо аны кабыл алаарын белгилеген.

Ал эми оппозициялык мамилени карманган бийликтин сунуштаган кызматын кабыл алууга даярдыгын мындайча түшүндүргөн:

“Сооронбай Жээнбеков бүгүн бар а эртең болбой калышы да мүмкүн. Мен 2010-жылдан берки шайлоо жыйынтыгын тааныбай келаткан жалгыз оппонентмин. Мисалы Роза Отунбаева бюллетенде такыр болгон эмес. Түз добуш берүү болбогон киши кантип жогорку мамлекеттик кызматты жетектеди?”

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз