Суббота, 18 мая

2020-жылы Кыргызстанда бир нече ишкана ачылат

0

Экономика министрлиги маалымдагандай приоритеттүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча Кеңеш Кыргызстандагы алгачкы алты бизнес-идеяны бекитти.

Аталган Кеңеш жалпысынан ПРООНдун “КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо үчүн потенциалды бекемдөө” долбоорунан техникалык колдоо каралган бизнес-долбоорлор үчүн 20 арызды караган. Андан сырткары бизнес-пландарды иштетүүгө атамекендик консалтингдик компания тандалып алынды.

Кеңеш тарабынан кабыл алынган бизнес-долбоорлор Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтыйт. Бул долбоорлор айнек идиштерин (банка жана бөтөлкө), йоддолгон туз, электромобилдерди чогултуу, суу эсептегичин чыгаруу, курулуш жана Ысык- Көлдүн жээгиндеги спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекстерин өнүктүрүүгө багытталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз