Понедельник, 13 мая

Косачев: Эми Иран менен АКШнын жаңы оюну башталат

0

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчушунан улам ири масштабдуу аскер аракеттери пайда болот деген коркунуч кыйгап өттү деп эсептейт Россиянын эл аралык иштер боюнча Кеңеш Федерациясынын Комитетинин башчысы Константин Косачев. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

“Келечекте АКШ менен Ирандын ортосунда согуш болбойт – атомдук дагы, гибриддик вариантта дагы. Каршылаштар тобокелчиликтин аскасынын учуна келип кайра кайтышты. Айыптоолордун агрессиясындагы эки тараптуу кагылышууну токтото алышты”, — деп жазган Косачев.

“Эң башкысы сын тагуу токтоду, ар бир тарап өзүн жеңүүчү сезген, ар бири “акыркы сөздү” өзүнө калтырган жана ар бир аракетин “арга кеткендиктен жооп иретинде жасап жатканына” шылтамай азайды”, — деген Комитет башчысы.

Андан ары: “Эми жаңы оюн – “ким биринчи көзүн ирмейт” башталат жана бул оюн ар кандай жаңы авиасоккуларга жана элчиликке чабуул жасоого караганда түзүк болоору анык”, — деп белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз