Суббота, 11 мая

Искендер Матраимов: Аялзатын кор туткан эркектерди жек көрөм

0

Жакында Баткенде, андан кийин Кочкордо эки келин күйөөлөрүнүн мыкаачылык менен сабоосунан көз жумганы коомчулукка тараган. Төбө чачты тик тургузган окуя боюнча ар ким ар кандай пикирлерин айтып жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов да четте калбады. Ал аялзатын кор туткан эркектерди жек көрөөрүн белгиледи:

“Жүрөк үшүн алган окуя бүткүл элдин көңүл буруусунда болуп, баарыбызды кейишке салды. Тилекке каршы 2020-жылдын алгачкы күндөрүндө орун алды. Коомчулук бул окуядан кийин үй- бүлөөнүн зомбулукка кабылышына, наристелердин жана аялдардын укуктарынын тебеленип жатканына кайдыгер болбошубуз керек деген билдирүүлөрүн айтып жатышат.

Мен дагы ал чакырыктарды колдоого алып, аялзатына кордук көрсөткөндөрдү кескин түрдө күнөөлөп, аларды жек көрө турганымды билдирем. Ошону менен катар коллегаларымды дагы бул окуя боюнча билдирүү жасап, көңүл бурууга чакырам.

Акыркы убакта мындай окуялар, өзүнүн жубайына, балдарына кол салган кылмыштар көп катталып жатат. Зөөкүрлүк менен болгон кылмышка кескин чара көрүп, мындай кылмыштуулуктардын кесепеттерин жоюга активдүү аралашалы.

Тагдырын аманат кылып, турмуштук жолунда түгөй болуп башын байлаган адамынын колунан каза болгон кыздарыбыздын жакындарына көңүл айтам. Аза кайгысын тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар!”

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз