Сирия жана Ирактын аймагындагы качкындардын лагеринде күн кечирип жаткандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Алардын маселеси боюнча туугандары КР Акыйкатчылыгына кайрылышты.
Аталган мекемеден билдиришкендей Сирия жана Ирактын аймагына барган кыргызстандыктар алдоо жолу менен тузакка илинишкенин туугандары белгилешкен.
“Алар белгисиз бирөөлөргө алданып Сирия менен Иракка кетип, качкындар лагерине туш келген балдарын мекенине кайтарууну бийликтен суранышат”, — дейт мекеме.
Акыйкатчы алданган уул-кыздардын ата-энелеринин өтүнүчүн өкмөткө кат аркылуу жеткирди.
Учурда Ирактагы кыргызстандыктардын дайын-дарегин аныктоо иштери соңуна чыгып калды. Андан соң аларды Кыргызстанга кайтаруу аракеттери көрүлөт. Ал эми Сириядагы кыргызстандыктар тууралуу да маалыматтар чогултулуп жатканын КР ТИМден билдиришти.