Суббота, 20 апреля

Немецтер да пара алышабы?

0

Эркин Өзбекстан оппозициялык кыймылынын лидери Хасанбой Бурханов Германиянын Солчулдар партиясынын саясатчысы Андре Новакты коррупцияга айыптап чыкты. Маалымат каражаттары жазышкандай Бурханов Өзбекстандын парламенттик шайлоосунун немец байкоочусу криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү менен бир дасторкондо отурган.

20-декабрда Ташкентке келген Андре Новак туулган күнүн өткөрүп, келген коноктордун арасында Ойбек Исаков да болгон. Бурханов белгилегендей ал экономикалык кылмыштар жана көз боемочулук үчүн бир нече жолу соттолгон адам.

Андан тышкары туулган күнгө өзбек парламентине депутаттыкка эки талапкер да катышкан. Алар байкоочуга картина жана коньяк белек кылышып, майрамдын 11 катышуучусу үчүн балык ресторанынын эсебин да төлөшкөн.

Ойбек Исаков бир убактарда Ахмад Турсунбаевдин каржы пирамидасында юрист болуп иштеген. 2019-жылдын 28-октябрында Ташкент облустук соту Турсунбаевди көз боемочулукка айыптуу деп тапкан. Анткени анын каржы пирамидасындагы махинациясынан 12 миң адам жабыркаган.
Исаков өзү өткөн жылдын май айында 6 жылга шарттуу түрдө кесилген.
Мына ушуларды белгилеген өзбек оппозиционери суроо узаткан:

“Немец саясатчысынын депутаттыкка талапкерлерден алган белектерин кантип пара деп атабай коесуң? Андан кийин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Уюмдун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу сынга алган шайлоону мактап жатса?”

Ошондой эле оппозиционер Өзбекстандагы коррупция менен күрөшүү аракетинен куугунтукка учураганын, ошол убакта Германия аны калкалап калганын эске салып, демократиялык Германияга да коррупция башбага баштаганын ойлоодон да чоочулап турганын белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз