Суббота, 23 ноября

АКШ Гүлендин досун Палестинага президент кылабы?

0

Жакынкы Чыгыштын “киллери” деген атка конгон Мухаммед Дахланды колго түшүрүү үчүн 10 миллион түрк лирасы сыйлык коюлган. Сыйлык Түркиянын Ички Иштер министрлиги тарабынан берилет. 10 миллиондук бул киши ким? Кимдин досу? Кайсы державанын колдоосуна ээ?

Хааретц гезитинин журналисти Йоссия Милмандын жазганына караганда Мухаммад Дахлан 85 жаштагы  Палестина лидери Махмуд Аббастын ордуна  мамлекет башчылыкка даярданууда. Мелмандын айтымында Дахлан ал үчүн Израиль чалгындоо кызматы Моссад менен сүйлөшүүлөргө барган.  Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жакынкы убакта боло турган Палестинадагы президентик шайлоодо Аббас саясаттан четтетилип, анын ордуна Дахландын шайлануусу камсыздалмакчы.

Мелман макаласында Дахландын Түркия тараптан да коркунучтуу кылмышкерлер тизмесинде изделип атканын билдирип, Дахландын ФЕТО уюмунун Пенсильванияда жашаган жетекчиси Фетхуллах Гүлен жана Египетте бийликти төңкөрүш менен басып алган Абдул-Фаттах Ал-Сиси менен жакын дос экендигин билдирген. Кыскасы АКШ жана Израилдин куурчак лидерлеринин достугу бекем.

Израиль Махмуд Аббастын ордуна Дахландын талапкерлигин колдоп аны Палестинанын президенти кылса эмнелерге жетишмекчи? Биринчиден, Израиль мындай кадам менен Палестинанын улуттук боштондук кыймылы Аль-Фатхтын атынан атаандаш болчу кандидаттардын жолун тосот. Экинчиден, Хамастын да жолуна бөгөт коет. Азырынча Израилдин өзү алдыга сүрөгөн талапкерине карата даярдаган планы мына ушундай деп болжолдонууда.

Өз кезинде Дахландын Моссад жана ЦРУ менен кызматташкандыгын көрсөткөн миңдеген каттар ачыкка чыккан. Египет, Катар, Сауд Аравия сыяктуу Жакынкы Чыгыш аймагындагы аскерий жана саясий операцияларга аралашкан Дахлан өзү ким?

2003-жылдын июлунда АКШ президенти Буштун демилгеси менен Иорданиянын Акаба шаарында Израиль-Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрү болуп жаткан. Палестинанын атынан Махмуд Аббас, Израилдин атынан Ариэль Шарон сүйлөшүүгө катышып жаткан. Палестина бийлигинин коопсуздук боюнча жоопкерчиликтүү өкүлү Мухаммед Дахлан Израиль басып алган Палестинанын территориясындагы коопсуздук маселеси боюнча маалымат берип жаткан эле. Дахлан эми гана сүйлөп баштаганда Буш аны токтотуп салган. Катышуучулар таң калуу менен карап калганда Буш «ушул жерден токтото берсек болот. Көздөрүн бир тиктейин дедим эле, сага ишенем. Ариэль Шаронго ишенгенчелик сага да ишенем», — деген. Палестина элинин атынан сүйлөгөн, бирок Дахландын АКШ үчүн Израиль лидери Ариэль Шарон менен бирдей даражада ишенимдүү киши болуусунун сыры эмне эле? Дахландын өмүр баянына кызыккан адам эмне себептен Палестина маселеси ушунча убакыттан бери чечилбегенин, Израиль кантип ар жыл сайын Палестинанын аймагын кемирип, улам чегарасын кеңейтип атканын түшүнөт.

Түркияда 2016-жылы Фетхуллах Гүлендин уюму бийликти басып алуу үчүн куралдуу төңкөрүшкө аракет жасаган. Түркия же болбосо жалгыз эле ислам дүйнөсү эмес, бүтүндөй дүйнө жүзү күбө болгон бул окуядан көп өтпөй Дахландын Египеттеги телеканалы ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гүленден интервью алып дүйнө жүзүө жарыялаган. Дахландын гүленчилер менен болгон байланышы муну менен чектелүү эмес.

Дахландын Middle East Eye маалымат борборунун башкы редактору Дэвид Херст менен соттошуусу өзүнчө баян. Дэвид Херст 2016-жылдын 29-июлунда куралдуу төңкөрүш аракетинен мурда Дахландын Гүлен тобуна акчалай жардам бергендигин жазган. Дахлан болсо бул айыптоону четке кагып, Дэвид Херстти сотко берип, өзүн актап чыкканга аракет кылган. Бирок Дахландын мындай аракетинен майнап чыккан эмес. Өзүн актап, террорчулар менен байланышы жок экенин айткан Дахланга каршы Дэвид Херст сотто Дахландын гуленчилерге акча бергендигин далилдеген документтерди көрсөткөн. Дахлан соттон утулуп, кийинчерээк сотко жазган арызынан таптакыр баш тарткан, бирок сот Дахланды 500 миң стерлинг суммасындагы соттук чыгымдар төлөөгө милдеттендирген.

Дахлан ноябрь айында Түркиянын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөгө алынып, эң коркунучтуу кылмышкерлер катталган “кызыл бюллетенге”  киргизилген.

 

 

 

 

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз