Четверг, 9 мая

Ирандагы бардык маселеге Хаманеи айыптуу деп табылды

0

Ирандагы белгилүү оппозициялык саясатчы Мехди Карруби президент Али Хаменеини өлкөнү жөндөп башкарууга дарамети жетпейт деп сындады.

Бул тууралуу Каррубинин Хаменеинин дарегине жазган катында айтылды. Кат мурдагы өкмөт башчысы Мир Хосейн Мусевиге байланышы бар «Kaleme» сайтына жарыяланган.

Учурда үй камагында болуп жаткан саясатчы катта Ирандын Жогорку лидерин 2018-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөнү каптаган көптөгөн маселелерге жана өткөн жылдын аягында күйүүчү майга болгон баа кымбаттагандан кийин өкмөткө каршы акциялардын пайда болуусуна айыптаган.

“Бул окуялардын баары киши өлтүрүүнүн чынжырчасынын курамдык бөлүгү. Эгер сиз бул трагедияларга катыштыгыңыз болбосо жана чындыкка жеткиңиз келбесе, сизди жана өлкөнү башкалар оңой эле манипуляция кыла алса, анда өлкөнүн башчысы экениңизден кандай пайда? Сиздин өлкөнү жетектегенге дараметиңиз жетиштүү эместиги толук билинип калды”, — деп жазган Карруби.

Ошондой эле саясатчы украиналык учактын кыйроосундагы жоопкерчиликти да Хаменеинин моюнуна илген: “Бейшембинин таңында болгон окуяга катыштыңызбы же бул тууралуу сизге ММКлар жазышкандай жума күнү гана кабарлаштыбы?”

8-январда “Украина Эл аралык линияларынын” Боинг-737 учагы Тегерандагы абамайдандан көтөрүлгөндөн кийин бир нече мүнөттөн соң кулаган. Кырсыктын кесепетинен 176 адам курман болгон.
11-январда Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы учак өлкөнүн ПВОсу тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнү тууралуу билдирүү тараткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз