Понедельник, 13 мая

Чек ара. Тажикстандыктардын көрсөтмөсү менен төрт кыргыз камакка алынган

0

Бишкекте Ак үйдүн алдында митинг болуп жатат. Катышуучулар бийликтен кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан улам камакка алынгандарды бошотууну талап кылышты.

“Көк-Таш айылынын төрт тургуну чек арадагы жаңжалды күчөткөн деген шек менен милиция тарабынан карнмалган. Алар 11-январда кармалышты, айрым маалыматтарга караганда бул кыргызстандыктарга карата тажик жарандары каршы көрсөтмө берип жатыптыр. Тажиктер алар менен коңшу жашап жакшы тааныган үчүн көрсөтүшкөн. Төрт жаран жаңжал башталгандан кийин гана үйлөрүн коргоо үчүн көчөгө чыгышкан”, — дейт митингдин катышуучуларынын бири.

Митингчилер айтып жаткан төрт жаран Көк-Таш айылынын Нурбек Сапарбаев, Зайнидин Бердиев, Үсөн жана Улукбек Сапарбаев аттуу тургундары экени белгилүү болду. Алар учурда Кызыл-Кыя милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурушат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз