Пятница, 20 сентября

Кордолгон ак илбирстердин абалы кандай? Ветеринар айтып берди

0

Германиянын жаратылышты коргоо Биримдигинин ветеринары Бакыт Ажыбеков маалымат жыйынында жакында Нарын жана Талас аймагынан табылган ак илбирстердин акыбалы тууралуу айтып берди.

Эске салсак Таласта табылган 2 жаштагы ак илбирстин акыбалы оор экендиги айтылган. Анын бир көзү агып түшүп, денесинде жарааттар болгон. Жаныбар Бишкекке жеткирилгенден кийин операция болуп, андан кийин ветеринарлар абалы канааттандыраарлык экенин жарыялашкан.
“Илбирске рентген жасаганыбызда нес болуп калдым. Анын денесинде 60тан ашык шиш бар эле”, — деди Ажыбеков.

Айтымында операция учурунда 18 шиш алып чыгарылган, булар илбирстин өмүрүнө өзгөчо коркунуч келтирилгендер эле. Эми жаныбар бир аз жакшы болуп калгандан кийин экинчи операция жасалып калган шиштер алынат. Ал эми айрымдары өзү түшүп калаарын ветеринарлар айтышууда.
Бакыт Ажыбеков илбирс кимдир бирөөнүн багуусунда болгонуна шектенип жатышканын белгиледи. Айтымында эркиндикте жашаган барстын тырмагы сүрүлүп калмак, а табылган барстын тырмагы бүтүн болгон. Учурда илбирсти ким кармап, ким кордогону, ким атканы иликтенип жатат.

Ал эми экинчи – Нарын аймагынан табылган илбирске адамдар тарабынан эч кандай начар мамиле жасалбаган. Ал абдан карыган, учурда Ананьеводогу реабилитациялык борбордо кармалууда.
Бул илбирс карыгандыктан өз алдында азык таап жей албай калган. Ошондуктан борбордо адистердин көзөмөлүндө калаары чечилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз