Понедельник, 25 ноября

Дарыгерди каргаган келин өз чындыгын жарыялады

0

Соцтармакка дүң болгон дарыгер менен ооруканага баласын көрсөткөнү келген эненин айтышын чагылдырган видеонун баш каарманы Инстаграмга өз чындыгын жазып чыкты.
Белгилей кетсек №3 балдар ооруканасына кичинекей баласынын дене табы көтөрүлүп жатканына даттанып барган эне дарыгердин жазып берген дарысына канааттанбай “жакшы карабай жатасың” деген шылтоо менен урушкан. Ал гана эмес “сенин кызың өлүп калсын!” – деп каргап жолго түшкөнүн видеодон көрүүгө болот.

Бул коомчулуктун катуу талкуусунда калды. Басымдуу бөлүк дарыгерди колдоп, ага атырылган энеге сын тагышты.

А бүгүн Инстаграмга видеодогу “баш каарман” билдирүү калтырды.

“Мен дарыгерлердин жазып берген дарысына макул болбой ошон үчүн урушкандай түр жараткан видеого жооп жазууну эп көрдүм. Мен №3 балдар ооруканасына үч күндөн бери баламдын дене табы көтөрүлүп жатканынан бардым, дарыгер карап дары жазып берүүдөн баш тартты, а мен дары жазып берүүсүн сурандым, анткени бала абдан кыйналып жаткан. Мен анын мага айткан сөздөрүн видеого тартып баштадым, андан кийин оорукананын башчысына бардым, ал балама дары жазып берип, видеону өчүрүп салуумду суранды. Мен өчүрдүм, а бирок алар чыгарып жиберишиптир”, — деп жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз